Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 7
“Байкучуков Дадабайдын наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевдин кайрылуусун айылдык кенештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калмак-Кырчын айылынын Жаңы айыл участкасынын чыгыш тарабынан 3- көчөгө айылдын өнүгүшүнө зор салым кошкон маркум Байкучуков Дадабайдын наамы берилсин.
2. Көчөнүн аягына чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Д.Байкучуковдун балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |