Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры №8
“Нураков Жалилдин наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевдин кайрылуусун жана Калмак-Кырчын айылынын Жаңы айыл участкасынын элдик жыйынын 04.10.2018-жылдагы протколунун негизинде айылдык кенештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калмак-Кырчын айылындагы Жаңы айыл участкасынын батыш тарабынан 7- көчөгө ардагер мугалим Нураков Жалилдин наамы берилсин.
2. Көчөнүн аягына чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Ж.Нураковдун балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысыА.Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |