Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 9
“Калыков Ысманалынин наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевдин кайрылуусун жана Калмак-Кырчын айылынын Жаңы айыл участкасынын элдик жыйынын 04.10.2018-жылдагы протколунун негизинде айылдык кенештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калмак-Кырчын айылындагы Жаңы айыл участкасынын батыш тарабынан 6- көчөгө ардагер мугалим, мамлекеттик сыйлыктардын ээси Калыков Ысманалынын наамы берилсин.
2. Көчөнүн аягына чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Ы. Калыков балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысыА.Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |