Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 11
“Кулумбеков Омордун наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Жоон-Күнгөй айылынын тургундарынын кайрылуусун айылдык кенештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоон-Күнгөй айылындагы Досумбетов Исанынын үйүнөн Кулумбеков Осмонкулга үйүнө чейин Кулумбеков Омордун наамы берилсин.
2. Көчөнүн аягына чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо О.Кулумбековдун балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жоон-Күнгөй айылынын айыл башчысы А.Абдымаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |