Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 12
“Турушев Абдыманаптын наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовдун кайрылуусун жана Таран-Базар айылынын тургундарынын 23-октябрь 2018-жылдагы элдик жыйынынын протоколунун айылдык кенештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таран-Базар айылындагы Разина Татьянанын үйүнөн Карагулов Эрмектин үйүнө чейин Турушев Абдыманаптын наамы берилсин.
2. Көчөнүн аягына чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо А.Турушевдин балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |