Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-ноябры № 1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен которулган кошумча 1000,0 ( бир миллион) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан Республикалык бюджеттен кошумча которулган 1000,0 ( бир миллион) сом акча каражаты жөнүндө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бекназаров Русландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин V111 чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жузум-Жан, Топ-Жангак, Кара-Суу, Кезарт, Чалдыбар, Чат, Кызыл-Көл айылдарына аярдама куруу үчүн курулуш материалдарын алууга 300,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
2. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналып курулган эстеликти жана айлана тегерегин калыбына келтирүү үчүн курулуш матреиалдарын алууга 100,0 (бир жүз) мин сом бөлүнүп берилсин.
3. Жузум-Жан -Ак-Таш жолун ондоого керектелүүчү курулуш материалдарын алууга 100,0 (бир жүз) мин сом бөлүнүп берилсин.
4. Кара-Суу айыл өкмөтүн административдик имаратынын алдындагы бакчанын короосун жасоо үчүн курулуш материалдарды алууга 53,0 ( элүү үч ) мин сом бөлүнүп берилсин.
5. Өрт коопсуздугуна каршы өрт өчүрүүчү шаймандарды коюуу үчүн өрт өчүрүүчү жай (пожарный щит) жасоого курулуш материалдарын алууга 15,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
6. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн архивке тапшырылган документтерин сактоо жана китеп түрүндө тигүү үчүн 30,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
7. Актерек айылдындагы окуучулар өтүүчү көпүрөнүн ондоо иштерине курулуш материалдарды алууга 20,0 мин сом бөлүнүп берилсин. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы өзгөчө кырдаалдарда кооптуу болгон жерлерди алдын ала бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү майлоочу материалдарга 200,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун мүчөлүк акысына 2018-2019-жылдар үчүн 18,4 мин сом бөлүнүп берилсин.
9. Ар түрдүү чыгымдарга 163,6 мин сом бөлүнүп берилсин.
10. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча иш алып баруу жагы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевга милдеттендирилсин.
11. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаркынбаева |