Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
2018-жылдын 12-ноябры № 2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүу өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаркынбаева |