Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры №1
“Кара-Алма айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын 2018-жылда 9 айы менен аткарылышын эске алып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын толук жумшалышын жана мамлекеттик сатып алуулар порталында тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын бекитүү менен бюджеттин сметалык чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын 9 айда аткарылышын, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын толук жумшалышын, мамлекеттик сатып алуулар порталында тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын бекитүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнун Багыш-Агай негизги мектебинин китепканасынын курулушуна бекитилген 180,0 миң сом акча каражаты, курулуштун бүткөрүлүшүнө жетишпестигинен акча каража бүгүнкү күнгө төмөндөгүдөй башка жумуштарды аткарууга бекитилсин:
- Бала-бакчанын жылытуу системасын орнотууда от кананы куруп, тосмолоого 27,5 миң сом.
- Орозок айылына таза суу чыгарууга бочка (цистерна) сатып алууга 25,0 миң сом;
- Беш-Жангак көпүрөсүн оңдоого 30,0 миң сом;
- Таштанды таштоочу жайды каздырууга жана тосмолоого 77,5 миң сом;
- Орто мектептердин райондук, областтык деңгээлдеги конкурстарга катышууга колдоо көрсөтүү үчүн 20,0 миң сом.
- Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканаларына көмүр сатып алууда үнөмдөлгөн 109,6 миң сом акча каражаты толугу менен аппарат кызматкерлеринин сапар чыгымдарына бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет .
Төрага | Сооронбаев К.К. |