Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин VII чакырылышынын 7-сессиясы
2018-жылдын 5-ноябры № 1
“Кара-Алма айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын 2018-жылда 9-айы менен аткарылышын эске алып, жергиликтүү бюджет эсебинен Орозок айылына КТП 7 250 комплект трансформаторун сатып алуу үчүн акча каражатын бекитүү менен бюджеттин сметалык чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын 9-айда аткарылышы жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2018-жылда мамлекеттик сатып алуулар порталында үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен элдин муктаждыктарын аткаруу максатында 200,0 мин сом акча каражатын Орозок айылына КТП 7- 250 комплект трансформаторун сатып алуу үчүн бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып, күчүнө кирет .
Төрага | Сооронбаев К.К. |