Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 22/1
Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө
«Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2016-жылга 16464,1 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 1816,0 миң сом, 2017-жылга 16500,4 миң сом жана 2018-жылга 17439,4 миң сом, өлчөмүнө ылайык бекитилсин.
2.2015-жылга карата Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 13338,0 миң сом аткарылышы 10909,8 сом өлчөмүндө бекитилсин деп табылды.
3. Жаңы-Арык айыл округунун бюджетинде калган калдык 39,3 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
4. Жаңы-Арык айыл округунун аппарата иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июну № 384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 23, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү-адис коэффициентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
5. 2016-жылга бекитилген бюджетин аткарууда Жаңы-Арык айыл округу жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Шерматов |