Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2016-жылдын 27-июлу № 24/11
«Жаңы-Арык айыл өкмөтү менен Кара-Суу райондук статистика бөлүмүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-июлундагы №127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде Жаны-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтү менен Кара-Суу райондук статистика бөлүмүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Жаны-Арык айыл өкмөтү менен Жарандык актыларди каттоо департаменти менен айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө, көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айылдык Кенешинин Социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | М.Шерматов |