Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V- шайланган) кезектеги ХХVIII-сессиясы
2016-жылдын 21-майы № ХХVIII-3
Гулистан айыл кенешинин 2015-жылдын 14-майындагы кезектеги 5-чакырылышынын 22-сессиясындагы “Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жер участогун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү” № ХХII-3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Гулистан айыл кенешинин 2015-жылдын 14-майындагы кезектеги 5-чакырылышынын XXII-сессиясындагы “Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын турак жайыны багытыны өзгөртүү жөнүндөгү” № XXII-3 токтому Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-ст, 3.4- ст. 4-б талабына ылайык . “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 31- статьясын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 9-ст. жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнундөгү” мыйзамынын 21-ст. жетекчиликке алып, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-ст. 3.4-ст . 4-б талабына ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 31- статьясынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 9-ст., жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнундөгү” мыйзамынын 21-ст. жетекчиликке алып, Гулистан айыл кенешинин 2015-жылдын 14-майындагы кезектеги “XXII-сессиясындагы Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын турак жайынын багытын өзгөртүү жөнүндөгү” № XXII-3 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаров, айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Тажимаматов жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |