Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V- шайланган) кезектеги ХХVIII-сессиясы
2016-жылдын 21-майы № ХХVIII-4
Гулистан айыл кенешинин 2015-жылдын 14-майындагы кезектеги 5-чакырылышынын XXII- сессиясындагы “Фрунзе айылынын тургуну Арипжонов Рахимжондын жеке менчик жер участогун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү” № XXII-7 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Гулистан айыл кенешинин 2015-жылдын 14-майындагы кезектеги 5-чакырылышынын XXII-сессиясындагы “Фрунзе айылынын тургуну Арипжанов Рахимжондын турак жайын багытын өзгөртүү жөнүндөгү” № XXII-7 токтому Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-ст, 3.4- ст. 4-б талабына ылайык , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31- статьясын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 9-ст. жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнундөгү” мыйзамынын 21-ст. жетекчиликке алып Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-ст. 3.4-ст . 4-б талабына ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31- статьясын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 9-ст. жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнундөгү” мыйзамынын 21-ст. жетекчиликке алып, Гулистан айыл кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы кезектеги XXII-сессиясындагы Фрунзе айылынын тургуну Арипжанов Рахимжондын турак жайын багытын өзгөртүү жөнүндөгү № XXII-7 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго, айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Тажимаматовго жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин айыл чарба тармагы боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |