Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V- шайланган) кезектеги ХХVIII-сессиясы
2016-жылдын 21-майы № ХХVIII-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-мартындагы “Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 29-февралындагы Кыргыз Республикасынын “Мугалимдердин статусу жөнүндөгү” мыйзамынын райондогу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышын жүрүшү тууралуу” № 25-К токтомун аткарууга жана жетекчиликке алуу жөнүндөгү” №148токтому тууралуу
Гулистан айыл өкмөтүнүн жогорудагы токтому Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде болуп, мыйзамда мугалимди социалдык жактан коргоо маселеси боюнча укуктук негиздери аныкталган. Гулистан айыл өкмөтүнүн 4 мектебинде азыркы күндө 173 тен ашуу мугалимдер эмгектенишет. Мугалимдердин статусу жөнүндөгү мыйзамда мугалимдердин ар-намысын жана абийирин коргоону камсыз кылууга багытталган жоболор менен биргеликте мугалимдерди социалдык материалдык камсыздоо маселелери дагы каралган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн жергиликтүү бюджетин эсебинен социалдык жана материалдык жардам көрсөтүү белгилеп коюлган. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде аймактагы билим берүү мекемелереинде эмгектенген мугалимдерди колдоо максатында коммуналдык чыгымдар үчүн айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан 30 (отуз) миң сом төлөп берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |