Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V- шайланган) кезектеги ХХVIII-сессиясы
2016-жылдын 21-майы № ХХVIII-7
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жөнүндө Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга орто мөөнөтүн болжолун долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы “2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоору жөнүндөгү” № 103-б буйругунун иштеп чыгылган долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Гулистан айыл кеңешинин экономика, бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
2. Ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин экономика, бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |