Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V- шайланган) кезектеги XXIX -сессиясы
2016-жылдын 9-ноябры № XXIX-1
2016-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
2016- жылдын 9 айында айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө бир топ алгалыктуу иштер аткарылды. 2016- жылды Республикабызда «Тарых жана маданият жылы» жана облусубузда « Тарыхый-маданий мурастарды колдоо жана туризмди өнүктүрүү жылы , ал эми районубузда «Тарыхий мурастар аркылуу улуттук маданиятты өнүктүрүү жылы» жылы деп жарыяланган. 2016- жылды айыл өкмөтүнүн «Тарыхий-маданий мурастарды сактоо аркылуу улуттар арасындагы ынтымактуулукту чыңдоо» жылы деп жарыяланган. Жарыяланган жыл үчүн айыл өкмөтү атайын иш – чаралар иштеп чыгып, айылдык кеңеши тарабынан бекитилген. Айыл өкмөтүнүн 2016- жылдын социалдык – экономикалык өнүгүү программасына 26 (жыйырма алты) долбоор киргизилип, азыркы күндө бардык долбоор аткарылды. Айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жылдын 9 айында инвестиция жана элди мобилизациялоо менен аткарылган иштердин көлөмү 27 млн 153 миң сомду түзөт. Анын ичинен республикалык бюджеттен 12 млн 800 миң сом, тышкы инвестиция 2 млн 262 миң сом. Жамаатардын эсебинен 1 млн.749 миң сом, жеке ишкерлер эсебинен 4 млн. 400 миң сом. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 млн 942 миң сом. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХIX-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2016-жылдын 9 йында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айындагы бюджеттин кирешеси 11 млн 567 , миң 315 сом, чыгаша бөлүгү 10 млн 951, миң 708 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-кварталындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:
-айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;
- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |