Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-ноябры № XXIX-3
Гулистан айыл аймагындагы “Гүл бакча” балдар бакчасынын 2016-жылдын 29-июлундагы № 3-протоколун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы “Гүл бакча” балдар бакчасы 2015-жылда өз ишин баштаган. Балдар бакчасынын имараты 90 балага болжолдолгон. Айыл аймагынын Фрунзе айылында азыркы күндө 14 миңден ашык эл жашайт. Кожолук саны түзөт. Мепктепке чейинки балдардын саны түзөт. Айылда болгону бир балдар бакчасы иштейт. Балдар бакчасына талапкерлер көп экендигин эсепке алып, балдар бакчасынын шарттарын үйрөнүп балдар бакчасынын ата-энелер комитети жалпы чогулушун өткөрүп, кошумча жамааттык тайпа ачып берүүгө уруксат берүүнү суранган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л АТ
1. Гулистан айыл аймагындагы “Гүл бакча” балдар бакчасынын 2016-жылдын 29-июлундагы № 3-протоколу бекитилсин.
2. Кошумча ачылып жаткан жамааттык тайпанын тийиштүү юридикалык, финансылык-уюштүрүү документтерин даярдоого көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелр боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |