Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V- шайланган) кезексиз XXIX-сессиясы
2016-жылдын 9-ноябры № XXIX-6
Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин өз-ара эсептешуу фондунун эсебинен ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери жонүндөгү” №78-мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан Гулистан айыл өкмөтүнө келип түшкөн 709 700 сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М КЫ Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин өз-ара эсептешуу фондунун эсебинен келип түшкөн 709 700 сом акча каражаты Закиров жана Беш Коргон көчөлөрүн асфальттодон калган карызга 550 миң сом, “Агахан” фонду аркылуу аткарылып жаткан “Адыр” участкасына электрлиниясын тартуу жана скважинаны ремонттоп суу чыгаруу” долбоорун аткарууга 159 700 сом акча каражаты жумшалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |