Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V- шайланган) кезексиз XXIX-сессиясы
2016-жылдын 9-ноябры № XXIX-7
Гулистан айылөкмөтүнүн стратегиялык планына киргизилген айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттого акча каражатын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык програмасында айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттоо 2017-жылдын планына киритилген. Гулистан айыл өкмөтүнүн административдик имараты 1976-жылда курулган. Азыркы мезгилде имаратты жылытуу системасы, электр энергиясы менен камсыздоо системасы бүтүндөй жаңылоону талап кылат. Мындан тышкары мамлекеттик мекеме заманбап көрүнүштө болушу керек. Айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылда айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттоо үчүн проекттик-сметалык документтер даярдалган.
Гулистан айыл кеңеши айыл өкмөтүнүн демилгесин колдоо максатында айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ремонттого мамлекеттик каржылоосуна жергиликтүү оз алдынча башкаруу органынын өздүк салымын кошуу максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга стратегиялык планынын негизинде 2017-жылда айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын каптиалдык ремонттоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Административдик имараттын капиталдык ремонттоо долбооруна өздүк салым үчүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 500 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Ушултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестицичя боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |