Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V- шайланган) кезексиз XXIX-сессиясы
2016-жылдын 9-ноябры № XXIX-9
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы конкурстук комиссиянын 2016-жылдын 8-ноябрындагы “Айыл аймагындагы артыкчалык берилген көйгөйлөр жөнүндөгү” чечимин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди тандап алуу боюнча конкурстук комиссия түзүлгөн. Конкурстук комиссия 2016-жылдын 8-ноябрында өзүнүн отурумун өткөрүп, айылдырдан сунушталган көйгөйлөрдү айылды инвестициялоо долбоорунун критерийлеринин негизинде талдоо жүргүзүштү. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңшинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы конкурстук комиссиянын 2016-жылдын 8-ноябрындагы “Айыл аймагындагы артыкчалык берилген көйгөйлөр жөнүндөгү” чечимин бекитилсин.(Артыкчалык берилген көйгөйлөрдүн тизмесим тиркелет)
2. Артыкчалык берилген көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча донордук уюмдар менен тийиштүү иштерди жүргүзүп, инвестиция тартуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Ташматов |