Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 61
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасы төмөнкүдөй тартипте бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасынын жалпы киреше бөлүгү 19826,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 19826,6 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 10231,5 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетине, Республикалык бюджетинен түшүүчү тендөөчү гранттын суммасы 9595,1 миң сомго бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Дарбишовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |