Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXVI
2018-жылдын 12-ноябры № 73
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 9 айлык отчетун кароо жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 ай ичиндеги аткарган иштери айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Туура эмес маалымат берген айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине чара көрүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Аталган кемчиликтерди жылдык отчетко чейин жоюу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |