Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 15/3
Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрүнүн резервинин зарыл саны аздыгына байланыштуу, анын резервин толуктоо максатында, «КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна жана КР БШКсынын кайрылуусуна негиз, Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын 03.12.2018-жылдын № 31 токтомуна жана жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан келип түшкөн токтомдорду карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын (тиркелет).
2. Кербен шаардык Кеңешинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын бекитип берүү жагы КР БШКсынан суралсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |
Тиркеме Кербен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 15/3 токтому менен бекитилген
К/ № | Ф.И.О. | Туул- ган жылы | Билими | Иштеген жери жана кызматы | Ким тарабынан көрсөтүлгөн
| Жашаган жеринин дареги | Байланыш маалыматы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1 | Асанбаева Айнура | 20.01.1970-ж. | ат.орт о | убактылуу иштебейт | Күлүк-Дөбө айылынын тургундарынан | Кербен ш. Күлүк-Дөбө айылы |
|
2 | Уметалиев Улукбек | 19.07.1992-ж. | ат.орто | убактылуу иштебейт | Күлүк-Дөбө айылынын тургундарынан | Кербен ш. Күлүк-Дөбө айылы | |
3. | Апсаматов Ашыммырза Тургунович | 20.11.1962-ж. | Жогору | КР ЖӨБ улуттук агенттигинин Аксы районундагы өкүлү | Байназаров көчөсүнүн тургундарынан | Кербен ш. Байназаров көч. | 0779-86-62-58 |
Кербен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы | Д.Алиев |