Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 15/4
2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планы жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 31-беренесине негиз, 2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |
Тиркеме Кербен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 15/4 токтому менен бекитилген
2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ – ПЛАНЫ
I квартал
1. 2018-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын аткарылышы жана 2019-жылга планы жөнүндө
2. 2018-жыл да Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
3. 2019-жылга Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө
II квартал
1.Кербен шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
III квартал
1.Кербен шаарынын бала-бакчаларындагы балдарга көрүлүп жаткан камкордуктар жөнүндө
IV квартал
1.Муниципалдык жерлерди, мүлктөрдү башкаруунун абалы жана алардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Кербен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: Д.Алиев