Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры № 27- 17/ 68
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салыктардын түрлөрү боюнча аткарылган иштери жана соода түйүндөрү боюнча маалыматын угуу жөнүндө
2018-жылдын 1-январына карата Кайыңды айылдык аймактык кеңеши тарабынан ЖАК “ Мекс-Ресурс” тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде лицензияны кармап туруу үчүн 1,5 млн. сом жергиликтүү бюджеттин киреше булагына планга киргизилип калган, ошол себептен 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетин киреше булагы боюнча берилген план тапшырма аткарылбай калган, себеби боюнча ЖАК “ Мекс-Ресурс” тарабынан 2018-жылдын 15-ноябрында № 18-11/39 каты менен жазуу жүзүндө жооп берилди.
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысына карата берилген тартиптик чара көрүү боюнча маселени депутаттар колдогон жок.
Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 9 айында салыктардын түрлөрү боюнча берилген план тапшырмасы 103,4 % аткарылган, катталган соода түйүндөрдүн саны 16, бардыгы мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн патент менен иштеп мыйзам чегинде ишмердүүлүгү жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалымат угулуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл аймагы боюнча салыктын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 9 айындагы план тапшырмалары толугу менен аткарылды деп белгиленсин.
2. Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 30 – июлундагы № 10 жана 22- октябрындагы № 19 – чечимдери менен, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тартиптик чара көрүү боюнча сунуштамасын аткарууга негиз жок деп табылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |