КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры № 27- 17/ 69
Кайыңды айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 сандуу буйругунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобонун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо жана түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин. (тизмеси тикелет)
2. Кайыңды айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу бекитилген Жобо 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөөнү Кайыңды айыл өкмөтунүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |