Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-декабры № 1
Республикалык бюджеттен келген акча каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 20.11.2018-жылдагы №01-21/564 сандуу кайрылуусунун негизинде республикалык бюджеттен келген акча каражатын пайдалануу жөнүндө ФЭБ башчысы Э.Эрматованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келген 800,0 миң сом акча каражаты Таран-Базар жана Кара-Чолок айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 (Имараттар жана курулмалар) статьясына жумшалсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана планга тактоо киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. 2018-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жагы КР ФМ Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Д. Бакировко милдеттендирилсин.
Төрага | Ч.Тайгараев |