Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 3
Жоон-Күнгөй айылындагы ичүүчү таза сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, айылдык кеңештин депутаты Т.Танабаевдин кайрылуусун талкуулап. төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Күнгөй айылында ичүүчү таза сууга ар бир түтүндөгү суу колонкасынан ичүүчү сууну пайдаланган суусу үчүн 1 м. куб сууга 26 сомдон тариф бекитилсин.
2. Жоон-Күнгөй ИСКАКБга Курманбек айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жана Жоон-Күнгөй ИСКАКБнын төрагасы Т.Танабаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |