Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-декабры № 16
Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жѳнүндѳ
Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу райондук финансы башкармалыгына Көл-Төр айыл өмөтү тарабынан кайрылуу жазылып, финансы министрлигинен кошумча каражат каратып берүүнү сураган. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан 1 000 000сом өлчөмүндө кошумча каражат келип түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келип түшкөн кошумча 1 000 мин сом өлчөмүндөгү акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдарын жабуу үчүн жумшалсын жана тиешелүү беренелерге бөлүнсүн.
- Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн электр энергиясы үчүн карызын жабууга 50,0 мин сом;
- Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин иш сапараларына -100,0 мин сом;
- Кызматтык автоунаанын күйүүчү майы үчүн 50,0 мин сом;
- Кызматтык автунаанын тетиктери үчүн 60,0 мин сом;
-Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюга 120,0мин сом;
-Мектептердин утурумдук ремонту үчүн 110,0мин сом;
-Канцелярдык товарлар үчүн 30,0мин сом;
-Чарбалык муктаждыктарды чечүү үчүн буюмдарды алууга 50,0мин сом;
-Ички чарбалык чыгымдарга 100,0мин сом;
-район аралык түшүм майрамын өткөрүүгө 67,0мин сом;
-Көл-Төр айылынын айыл башынын эмгек акысы 35,2мин сом;
-Тогуз-Булак айылына ички көпүрөлөрүн ондоого 100,0мин сом;
-Көл-Төр айылынын ички көпүрөлөрүнө 50,0мин сом;
-Конур-Өлөн айылынын ички көпүрөлөрүнө 77,8мин сом;
- Баардык чыгым үчүн 1000,0 мин сом.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөттүн башчысы К.С.Азизовго, көзөмөлү пландоо бюджет, экономика, социалдык маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | У.Мааткеримов |