Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 17
Көл-Төр айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону, комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн негиздеп, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиянын төмөндөгүдөй курамы бекитилсин:
- Усеев Автандил Качкынович – айылдык кенештин депутаты;
- Касымбеков Бакыт Касымбекович – жарандык коомдон;
- Рыспай уулу Тойчубек – айылдык кеңештин депутаты;
- Туратбеков Шекербек – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
- Өмүралиев Сыртбай Кудайбергенович – айыл өкмөтүнүн юристи;
- Чортонбаева Күлкайыр Жумадиевна - жарандык коомдон;
- Сооданбекова Атыркүл Токоновна- жарандык коомдон.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагыпландоо,бюджет,экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын .
Төрага | А. Рахманкулов |