Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2018-жылдын 06-декабры № 18
Көл-Төр айыл аймагындагы кароосуз курулуш алдындагы жерлерди берүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн негиздеп Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жайыт жерлериндеги кароосуз курулуш алдындагы жер аянттары аныкталып, мыйзам талаптарына ылайык айыл өкмөтүнүн ээлигине алынсын.
2. Аныкталган жер аянттары мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө мал сарай куруу үчүн кайрылган айыл тургундарына мыйзам талаптарына ылайык берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Азизовго милдеттендирилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагыагрардык комитетке тапшырылсын.
Төрага | У.Мааткеримов |