Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы
2018-жылдын 07-декабры № 20-2
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин» 2018-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобону бекитүү» жөнүндөгү №01-18-26 буйругуна негиз иштелип чыккан, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Реыпубликасынын Өкмөтүнө караштуу, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин» 2018-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобону бекитүү» жөнүндөгү №01-18-26 буйругуна негиз иштелип чыккан, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү Жобосу бекитилсин.
2. Бекитилген жобого негиз, комиссиянын ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча иш чаралары 2018-жылдын 7-декабрынан тартып башталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 2018-жылдын 7-декабрындагы 20-сессиясынын №20-2 токтому менен бекитилген.
1.Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Көк-Жар айыл өкмөтүндө комиссия түзүүнүн жана ал комиссиянын ишинин тартибин аныктайт.
2.Комиссия айылдык кеңештин тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болу эсетелет.
3.Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасыннын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия айылдык кеңештин алдында отчет берет жана жыл сайын 15-январдан кеч эмес, өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отсеет даярдап айылдык кеңешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо, жергиликтүү бюджете каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссия курамын түзүү жана комиссиянын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиби.
1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бузуулар боюнча комиссиянын курамы 9(тогуз)
кишиден, комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы жана
мүчөлөрүнүн курамында түзүлсүн.
2.Төмөнкү тизмеге негиз комиссия курамы түзүлсүн. (тизме тиркелет).
3.Комиссиянын ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча иштери 2018-жылдын
7-декабрынан башталсын.
4.Иштеп жаткан комиссиянын ыйгарым укуктарын аткаруу, айылдык кеңештин токтому менен жаңы курамыдын бекитилген күнүнөн токтотулат.
5.Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулат:
-комиссия мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда
-комиссия мүчөсү муниципиалдык кызматын токтоткондо
-комиссия мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде
-комиссия мүчөсүнүн ден-соолугуна байланыштуу медициналык корутунду берилгенде
-комиссия мүчөсү намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жосун жасаганда
-комиссия мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде
-комиссия мүчөсүнүн жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда
-комиссия мүчөсүн жарандык коом жана жергиликтүү жамаат кайра чакырып алганда токтотулат.
3 Комиссия ишинин тартиби
1.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча кодексинде аныкталган.
2.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарында карайт, комиссиянын отурумдары зарылчыгына жараша(материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү, бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
3.Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнөн үчтөн экиси отурумга катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу болот.
4.Комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрүнүн теңинен көбү добуш берген учурда чечим кабыл алынды болуп эсептелинет.
5.Бузуулар жөнүндө ишти, комиссия, иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө Кодексте аныкталган тартипте карайт.
6.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
7.Комиссия чечимди, аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
8.Комиссия бузу жөнүндө ишти карап чыгып:
1)төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат
А)Жаза чарасын колдонуу жөнүндө
Б) туумду кошуп эсептөө жөнүндө
В) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө
2) ишти кароо комиссиясынын компетенциясына кирбей тургандыгы аныкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
9.Иш боюнча чыгарылган токтомду аткаруу тартиби, даттануу тартиби, Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
1.Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
2.Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
3.Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга:
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга:
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга:
-жүрүм турумдун этикасынын эрежелерин сактоого:
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө:
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө:
-Кодексте каралган башка укуктарга.
4.Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөлөрүнүн милдеттеринен сырткары. Төмөндөгүлөргө милдеттүү.
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана жетектөө.
-Комиссия отурумда төрагалык кылуу:
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү:
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге(аныктамаларга жана токтомдорго). Ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу:
-Комиссиянын ишмердүлүгүүнө көзөмөл жүргүзүү.
5.Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары.төмөнкүдөй укуктарга ээ:
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө:
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген меселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө:
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
6. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат:
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат:
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат: -ушул жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
7.Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат:
-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат:
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат:
-келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында(анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт:
-бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодексти жана ушул жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздеенүү камсыз кылат:
-Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат:
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет:
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет:
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат:
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат:
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт:
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат:
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт.
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт:
-отчеттуулукту жана статикалык отчеттуулукту жүргүзөт:
-Кодекске жана ушул жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
-Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
8.Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуу үчүн үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвакатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттик, адистин, котормочусунун туугандары болушса:
-иштин чечилишине тике же кайыр түрдө кызыктар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
1.Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал булл иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
2.Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
3.Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
4.Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (3-тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда.
Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, булл тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү, Комисснын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
5.Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансалык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
6.Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайыт:
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар:
-отурумдун процессинде ишке коюлган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер:
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу:
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөлөргө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
7.Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номер каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
8.Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
9.Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
10.Комиссия төмөкүдөй эсеп журналдардын жүргүзө алат:
-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы:
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы:
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилен кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
11.Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык бузуулар окуй алгыдай дана көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
12.журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл.Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
13.Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 2018-жылдын 7 декабрындагы 20-сессиясынын №20-2 токтому менен бекитилген.
1.Исаков Орозали – айылдык кеңешти депутаты – комиссиянын төрагасы
2.Абдуллаев Гапар – айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын төрагасынын орун басары
3.Жунусов Адилбек – айыл башчысы – комиссиянын катчысы
4.Шарапов Абдимажит – айыл өкмөтүнүн адиси – комиссиянын мүчөсү
5.Акматов Рустамбек – айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын мүчөсү
6.Абаров Жолболду – айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын мүчөсү
7.Абжапаров Шергазы – айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын мүчөсү