Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
2018-жылдын 18-декабры № 21-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин жана 2020-2021-ж.ж. карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-ж.ж. болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 26 701,2 (жыйырма алты млн жети жүз бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2019-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Киреше болжолу 2020-жылга жылга 27 910,9 (жыйырма жети млн тогуз жүз он миё тогуз жүз) сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6413,8 (алты млн төрт жүз он үч миё сегиз жүз сом)) менен жана 2021-жылга 29 298,2 (жыйырма тогуз млн эки жүз токсон сегиз миё эки жүз) сомго (Ремпубликалык бюджеттен алынуучу гранттар 6429,1 (алты млн төрт жүз жыйырма тогуз миё бир жүз сом)) сом менен белгиленсин.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-2021-ж.ж. айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
5. Айылдык бюджеттин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикасынын бюджетинин 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы Республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.
7. 2019-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миё сом суммасында белгиленсин.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
-Ушул токтомдук 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө,
-ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө,
-киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен, чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.
9. 2018-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеёешке ыйгарылсын.
10. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыёдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү С. Миёбаев жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибек тарабынан көзөмөлгө алынсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеёешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов | |||
|
| |||
Кок-Жар айылдык кенешинин |
| |||
(6-чакырылышы) кезектеги жыйырма биринчи сессиясынын |
| |||
№21-1 токтомуна №1 тиркеме |
| |||
| ||||
Кок-Жар айыл окмотунун 2018-жылга айылдык бюджети. |
| |||
(мин сом) |
| |||
№ | Кирешелердин жана чыгашалардын аталышы | сумма |
| |
1 | Салык агенттиги тологон киреше салыгы | 5545,0 |
| |
2 | Бирдикту салык деклорациясы боюнча киреше салыгы | 127,0 |
| |
3 | Милдеттуу патент салыгы | 140,0 |
| |
4 | Ыктыярдуу патент салыгы | 2560,0 |
| |
5 | Кыймылсыз мулк салыгы | 273,0 |
| |
6 | Юридикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы | 60,0 |
| |
7 | Физикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы | 1600,0 |
| |
8 | Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 650,0 |
| |
9 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 1000,0 |
| |
10 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 620,0 |
| |
11 | Сатуудан тушкон салык | 1063,0 |
| |
12 | Роялти | 460,0 |
| |
13 | Кен байлыктарга лицензия кармагандыгы учун акы толоо | 2570,0 |
| |
14 | Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы | 80,0 |
| |
15 | Жайыт акы | 418,3 |
| |
16 | Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 520,0 |
| |
17 | Муниципалдык менчиктеги обөектилерден алынуучу ижара акы | 120,0 |
| |
18 | Таштанды толому | 370,0 |
| |
19 | Толуктоочу грант | 6592,9 |
| |
20 | Атайын каражаттар | 1932,0 |
| |
| Кирешелердин жыйындысы: | 26701,2 |
| |
1 | Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат корсотуулор | 7392,3 |
| |
2 | Айыл окмотунун резервдик фонду | 257,4 |
| |
3 | Коргонуу | 80,0 |
| |
4 | Экономикалык меселелер | 3160,2 |
| |
5 | Комуналдык чарба | 4214,7 |
| |
6 | Маданият | 1976,5 |
| |
7 | Билим беруу | 9340,1 |
| |
8 | Социалдык коргоо | 280 |
| |
| Чыгашалардын жыйындысы: | 26701,2 |
| |
| ||||
Көк-Жар айылдык кеёешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма биринчи сессиясынын №21-1 токтомуна №2-тиркеме | ||
|
| |
Кирешелердин аталышы | 2020-жыл (мин.сом) | 2021-жыл (мин.сом) |
Салык агенттиги тологон киреше салыгы | 7380,0 | 9324,0 |
Бирдикту салык деклорациясы боюнча киреше салыгы | 127,0 | 127,0 |
Милдеттуу патент салыгы | 140,0 | 140,0 |
Ыктыярдуу патент салыгы | 2560,0 | 2560,0 |
Кыймылсыз мулк салыгы | 273,0 | 273,0 |
Юридикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы | 60,0 | 60,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы | 1600,0 | 1600,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 650,0 | 650,0 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 1000,0 | 1000,0 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 620,0 | 620,0 |
Сатуудан тушкон салык | 590,0 | 950,0 |
Роялти | 486,8 | 504,8 |
Кен байлыктарга лицензия кармагандыгы учун акы толоо | 2570,0 | 2570,0 |
Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы | 80,0 | 80,0 |
Жайыт акысы | 418,3 | 418,3 |
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 520,0 | 520,0 |
Муниципалдык менчиктеги обөектилерден алынуучу ижара акы | 120,0 | 120,0 |
Таштанды толому | 370,0 | 370,0 |
Толуктоочу грант | 6413,8 | 6429,1 |
Атайын каражаттар | 1932,0 | 1932,0 |
Кирешелердин жыйындысы: | 27910,9 | 30248,2 |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн | ||
ФЭБнүн башчысы: | А. Тургунбай уулу | |