Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
2018-жылдын 18-декабры № 21-3
Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат М.Абдракманованын депутаттык мандатын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат М.Абдракманованын жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кештеринин депутаттарынын мандаттары жөнүндөгү мыйзамына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат М.Абдракманованын өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшыруусуна макулдук берилсин.
2. Андан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап, ага депутаттык мандат берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |