Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 49
Калкты социалдык жактан тейлөөдө Кызыл-тоо айыл аймагындагы байланыш,маданият,медицина жана билим берүү тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө
Калкты социалдык жактан тейлөөдө Кызыл-тоо айыл өкмөтүндөгү байланыш,маданият,медицина жана билим берүү тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын берген маалыматтарын эске алып талкуулап айылдык кенештин 6-шайланган кезектеги 12 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн абалы жана андан ары жакшыртуу жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын берген билдирүүсү көнүлгө алынсын.
2. Кызыл-Тоо балдар бакчасынын жетекчисине балдарга берилип жаткан тамак аштын сапатсыз болуп жатканы такталгандыктан, балдар бакчасынын башчысы Мансуркулова Айсулуу кетирген кемчилдиктерин тез арада жоем деген убадасын алып, катуу эскертүү берилсин.
3. Кызыл-Тоо бала бакчасынын тамак ашын талапка жооп бере тургандай абалга келтирүү максатында айылдык кенештин депутаттарынан төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
Төрага | К.Кадырбеков |
1. Кедеев Ч.-комиссиянын төрагасы
2. Самидинов Р.-мүчөсү
3. Мамытов К.-мүчөсү
4. Курманалиев Ж.-мүчөсү
5. Эрмаматов Ж.-мүчөсү
4. К.Курманбеков башталгыч мектебинин сырткы чөйрөсүн начар абалда экендиги жана ички бөлмөлөрдү ремонттоо жагын колго алам деген убадасын эске алып Кадырова Тиллаканга 20-июлга чейин бүткөзүү жагы милдеттендирилсин жана мындан ары кетирген кемчилдиктери кайталанбашы эскертилсин.
5. М.Ибраимов орто мектебинин эшик алдындагы тапанташты сапатсыз басылганы белгиленсин жана мындан ары сапатуу иш алып баруу жагы мектеп директору Д.Касымалиевага жүктөлсүн.
6.Мекеме уюмдарга бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды порталга берип,тендер түзүп мыйзамдуу жана сапатуу иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Кадыров Жайнакка милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.