Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 12 сессиясы
2018-жылдын 09-июну № 50
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө айрым маселелер аткарылбай кечиктирилип жаткандыгы жөнүндө
Айыл өкмөтүндө 2018-жылдын I-II –кварталында аткарылуучу иштер кечиктирилип жаткандыгы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуштарын эске алып айылдык кенештин 6 –шайланган кезектеги 12-сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүндө төмөндөгү аткарыла турган жумуштардын аткаруу убагынан кечиктирилип жаткандыгы белгиленсин..
- айыл аймагына чек араларына коюлуучу белгилерди орнотуу жана жанылоо;
- Кызыл-Тоо жана Ак-Кыя айылындарынын каналын казуу;
- Карчабек айылынын спорт аянтчасына жана айыл өкмөтүнүн имаратына кошумча; имарат куруу боюнча архитектурасынын иш кагаздарын тез арада бүткөрүү жагы;
- айыл ичиндеги жайытты мыйзамсыз кашалап алган жерлерди бошотуу;
- Ак-Кыя ФАПТын чатырчасын алмаштырып берүүнү чечүү;
2. Жогоркуда көрсөтүлгөн маселелерди 1 айлык мөөнөттө аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Бакировко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенештин социалдык маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К.Кадырбеков |