Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 12 сессиясы
2018-жылдын 09-июну № 51
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүнө кемитүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жана бала бакчасы ачылгандыгына байланыштуу ЖКХ разделинин 3111 статьясынан иштетилбей калган акча каражаттан жаңы бала бакчанын тамак-аш жана башка чыгымдарын камсыздоо үчүн 980,0 миң сом акча каражатын айылдык кеңештин депутаттардын сунуштарынын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө 980,0 миң сомго өзгөртүү киргизилсин: ЖКХ бөлүмүнүн (разделинин) 3111 статьясынан иштетилбей калган акча аражатын Бала бакча бөлүмүнө жаңы бала бакчанын тамак-аш жана башка чыгымдарын камсыздоо үчүн 980,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (кошумча смета тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бюджетти өзгөртүү жөнүндөгү акча каражатынын эсебин тактоо айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Кадыровго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Кадырбеков |