Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 12 сессиясы
2018-жылдын 15-сентябры № 54
Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 12-сессиясында билим берүү жана бала бакчалардын аткарган иштериндеги кемчиликтерди кайра кароо жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана бала-бакчалардын аткарган иштери жана айылдык Кеңештин кезектеги 12-сессиясында айтылган кемчиликтерди жою боюнча аткарылган иштеринин жыйынтыгы чыгарууда айылдык Кеңештин социялдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш 14-сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясфнын билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. К.Курманбеков башталгыч мектебинин 2018-жылдын 09-июнунуда 6-чакырылыш 12-сессиясында айтылган кемчиликтерди жою боюнча жүргүзүлгөн иштери канаттандыралдык деп табылсын.
3. Кызыл-Тоо балдар бакчасынын жогорудагы аталган сессияда кетирген кемчилдиктери боюнча жүргүзүлгөн иштерине толук маалымат бербегендиктен айылдык Кеңештин кийинки сессиясында калтырылсын.
4. «Кызыл-Тоо» жана «С.Турдуев» атындагы орто мектептеринин от казандарын тез арада ремонттон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана мектеп директорлоруна жүктөлсүн.
5. Айыл аймагында жаңы ачылган «Осмон-Ата» жана «Назира-Апа» балдар бакчаларына 2018-2019-жылдагы кышка карата көмүр, отун менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана бюджетине тез арада өзгөртүү киргизүү жагы белгиленсин.
Төрага | К.Кадырбеков |