Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 15 сессиясы
2018-жылдын 27-октябры №61
«Байма»көмүр кени менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди кароо жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу жерден «Байма» ишканасы көмүр кенин ачып иш башталганда айыл өкмөтү менен келишим түзгөн.Бирок келишимде каралган айыл аймагындагы аз камсыз болгон , көп балалуу үй-бүлөөлөргө ,кароосуздарга көмүр беребиз деген келишими аткарылбай жатканын белгилешип ,көмүр кендин жетекчисин жана айыл өкмөтүнүн башчысы,соц.адисти сессияга чакырышып түзүлгөн келишимди аткарабыз деген убадаларын алышып угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айыл Кенешинин 6-чакырылыш 15-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.»Байма» көмүр кени менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде аз камсыз болдгон үй-бүлөөлөргө 20 тонна көмүр берүү маселеси аткаруусуз калып жаткандыгы белгиленсин.
2. «Байма» көмүр кенинин жетекчисине 20 тонна көмүрдү 10 күндүн ичинде түшүрүп берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Кадырбеков |