Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 15 сессиясы
2018-жылдын 27-октябры №62
Тоо айлынын тургун Турдумаматова Дариякандын силостук чункурду талашып жазган арызы жөнүндө
Айылдын тургуну Турдумамтова Д муниципалдык менчикте турган силостук чункурду өзүнүн «Айча» кичи ишканасына деп берилген жер менен кошо талашып келүүдө.Бул маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айыл Кеңешинин 6-чакырылыш 15 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдын тургуну Турдумаматова Дарыякандын Сасык участкасындагы муниципалдык менчиктеги силостук чункурду жеке менчикке берүү жөнүндөгү арызы канаттардыруусуз калтырылсын.
2.Маселе айылдын тургундары менен жыйын өткөрүлүп талкуу жүргүзүлүп чечим чыгарылсын.
3.Аталган участок элдин малын эмдөөгө жана жылкыларды индентификациялоо мезгилинде пайдаланууга берүү боюнча сунуш даярдалып айылдык Кенештин кийинки сессиясына коюу жагы айыл өкмөтүнүн вет.адиси Пазыловго жана жер адиси Акматалиевдерге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Кадырбеков |