Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 15 сессиясы
2018-жылдын 27-октябры №63
айыл аймагындагы Ак-Кыя айлынын ичиндеги үстүнкү көчөсүнө айылдын тургуну Кедеев Чыныбектин жазган арызынын негизинде атасы маркум Кедеев Бадандын атын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Кыя айлынын ичиндеги үстүнкү көчөдөгү жайгашкан Маматалиев Кайраттын үйүнөн Тойчуев Сагынбайга үйүнө чейинки түз узун көчөгө айылдын тургуну эл үчүн жана көп жылдар мамлекеттик кызматтарда иштеген маркум Кедеев Бадандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Кедеев Чыныбектин арызын карап жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 15 сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айлыны ичиндеги көчөгө маркум Кедеев Бадандын аты ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Өзгөн райондук кыймылсыз мүлкттөрдү катоо бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин айыл чарбасы,жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Кадырбеков |