Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 16 сессиясы
2018-жылдын 08-декабры №67
Кызыл-Тоо айлынын тургун Абдыкадыров Сүйүнтбектин атасы Абдыкадыров Осмондун атын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Тоо айлынын тургуну Абдыкадыров Сүйүнтбек Кызыл-Тоо айлынын ичинде сай тарапта Надыров Бакытбектин үйүнөн түшкөн көчөгө атасы Абдыкадыров Осмондун атын коюп берүүнү сурап жазган арызын аткаруу максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңештин 4 жолку чакырылыштагы айылдык Кеңештин депутаты ,айылдык Кеңеште 10 жыл төрага кызматында жана Кызыл-Тоо орто мектебинде директор болуп иштеп эл үчүн ,окуучулар үчүн үзүрлүү эмгектерин эске алып аталган көчөгө маркум Абдыкадыров Осмондун атын коюу максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 16 сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кызыл-Тоо айлынын Дөбө тараптагы Надыров Бакытбектин үйүнөн сай тарапка түз түшкөн көчөгө Абдыкадыров Осмондун аты ыйгарылсын.
2.Ушул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик катоо башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Кадырбеков |