Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 шайланган кезектеги 15 сессиясы
2018-жылдын 08-декабры №68
Кызыл-Тоо айлын ичиндеги бош турган көчөгө Кадырбеков Бекболоттун атын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Тоо айлынын Кызыл-Тоо орто мектебинин тушундагы Мырзаев Туратан башталган көчө аты жок экендиги тууралуу атуулдарынын кайрылуусун карап, алардын кайрылуусун аткаруу максатында Кызыл-Тоо айылынын тургуну айылдык Кеңештин катчысы ,50 жылдык савхозунун №5 –бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген маркум Кадырбеков Бекболоттун атын коюу боюнча Кызыл-Тоо айылдык Кеңештин 6-чакырылыш кезексиз 16 сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кызыл-Тоо айлынын Кызыл-Тоо орто мектебинин тушундагы Мырзаев Туратан башталган көчөгө Кадырбеков Бекболоттун аты ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик катоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин айыл чарбасы,жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Кадырбеков |