Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 38
Жылалды айылынын Беш-Капа участкасынын жогорку тарабына «Яма Беккер» чуңкурчасын куруу үчүн 0,25га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезексиз VIII - сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылынын Беш-Капа участкасынын жогорку тарабына « Яма Беккер» чуңкурчасын куруу үчүн 0,25га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча
2018-жылдын 27-мартындагы башкы жер адис Баргыбаев Жеңиштин сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жылалды айылынын Беш-Капа участкасынын жогорку тарабына«Яма Беккер» чуңкурчасын куруу үчүн 0,25га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан аталган жер аянтына мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин Бюджет, салык, финансы экономикалык саясат жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |