Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү VIII- сессиясы
2018-жылдын 09-октябры № 51
Красный-Маяк айылындагы 0,08га тыт багынын аянтынын ордун алма бак аянтына алмаштыруу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылындагы 0,08га тыт багынын аянтынын ордун алма бак аянтына алмаштыруу боюнча айыл тургуну Асылбеков Нышанбайдын 05.10.2018-жылдагы сунушун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Красный-Маяк айылындагы 0,08га тыт багынын аянтынын орду алма бак аянтына алмаштырылсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп, жеринде текшерүүгө алынып, тыт багынын отундарынын 1кубун (шакчасы менен) 300 сомдон сатылышына жана сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн кассасына кириштелсин жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Ж. Кабыловго бул иштерди аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3. Аренда жер ээси Асылбеков Нышанбайга тыт багынын отундары алынаары менен тез арада алма көчөттөрүн эгүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |