Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү VIII- сессиясы
2018-жылдын 09-октябры № 52
Өзгөн РМАнын Коопсуздук Координациялык кеңешмесинин № 3 чечиминин негизинде айылдардагы спорт клубтардын түнкү саат 22-00дөн кийин машыгууга тыюуу салуу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Өзгөн РМАнын Коопсуздук Координациялык кеңешмесинин
27.09.2018-жылдагы № 3 чечиминин негизинде айылдардагы спорт клубтардын түнкү саат 22-00дөн кийин машыгууга тыюуу салуу боюнча жетектөөчү социалдык адис Жолболдуев Айбектин сунушун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Өзгөн РМАнын Коопсуздук Координациялык кеңешмесинин № 3 чечиминин негизинде айылдардагы спорт клубтардын түнкү саат 22-00дөн кийин машыгууга тыюуу салынсын.
2. Өзгөн РМАнын Коопсуздук Координациялык кеңешмесинин № 3 чечиминин негизинде айылдардагы спорт клубтардын түнкү саат 22-00дөн кийин машыгууга тыюуу салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы аймактык инспектор менен биргеликте айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |