Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү VIII- сессиясы
2018-жылдын 09-октябры № 54
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча жетектөөчү статист-экономист адиси Алибекова Бурманын 02.10.2018-жылдагы сунушун карап чыгып, талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жылалды айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге
1 сомдон кем эмес мүчөлүк акы төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып барууну Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |