Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү X- сессиясы
2018-жылдын 29-ноябры № 58
Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезексиз X - сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 24.07.2018-жылдагы № 01-18-88 сандагы буйругунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун Типтүү регламентин бекитүү боюнча жооптуу катчы Маматова Рахаттын 22.11.2018-жылдагы сунушун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун Типтүү регламентинин жалпы жобосу бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |