Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 31-июлу № 17/1
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылга бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVII заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылга бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл болгон беренелерге жылдыруу жагы каралсын:
Бөлүмдүн аталышы Берененин аталышы берене Бардыгы 3-квартал
көбөйтүү азайтуу
70111 Аппарат Имараттар жана курулмалар 3111 -300,0 -300,0
70111 Аппарат Ар түрдүү байланыш кызматы үчүн 2212 9,0 9,0
70821 Китепкана Ар түрдүү кызмат көрсөтүү 2215 30,0 30,0
70911 Балдар бакчасы Ар түрдүү кызмат көрсөтүү 2215 70,0 70,0
70921 Орто мектеп Ар түрдүү кызмат көрсөтүү 2215 150,0 150,0
70921 Орто мектеп Көмүр сатып алуу 2224 41,0 41,0
Бардыгы: 300,0 300,0
2. Жогорудагы акча каражатын 2018-жылга бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы ФЭБ башчы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Т. Абдырахмановго тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |