Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 07-августу № 18/1
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн 2018-жылдын 06-августундагы № 03 протоколун бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн 2018-жылдын 06-августундагы № 03 протоколун бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVIII заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча 2018-жылдын 06-августундагы № 03 протоколунун негизинде Абдылдаев Бектемир жайыт комитетинин төрагасы болуп бекитилсин жана комитеттин курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн ( № 1 тиркеме жана № 03 протокол тиркелет).
2. Жайыт комитетине тиешелүү инвентарларды жана иш кагаздарын кабыл алуу боюнча комиссия түзүлүп , актынын негизинде өткөрүлүп берилсин.
3. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жобосуна ылайык иш алып барышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Абдылдаев Бектемирге жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |